Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткенде үйдөн 65 миң сом уурдаган жаран кармалды

13.09.2022 16:57
680
Баткенде үйдөн 65 миң сом уурдаган жаран кармалды



Ушул жылдын 2-августка караган түнү белгисиз адамдар Баткен районунун аймагындагы айылдардын бириндеги үйгө кирип, үй ээсинин 65 500 (алтымыш беш миң беш жүз ) сомун уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Бул тууралуу    Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бул факт Баткен РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Баткен ОИИБдин жана Баткен РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Баткен районунун 23 жаштагы Г.У.Б. аттуу тургуну аныкталып, Баткен РИИБнин тергөө кызматына камсыз кылынган. Бүгүнкү күндө шектүү катары камсыз кылынган атуулдун башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун аныктоо багытында ыкчам тергөө аракеттери жүрүп жатат.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн