Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткенде чек ара чырында үйү өртөнгөн адамга жергиликтүү бийлик үй салып жатат (фото)

14.05.2020 16:57
1225
Баткенде чек ара чырында үйү өртөнгөн адамга жергиликтүү бийлик үй салып жатат (фото)


Баткен районунун Көк-Таш айылындагы чек ара чырында  үйү күйүп кеткен үй-бүлөгө жергиликтүү бийлик үй салып берип жатат. Бул тууралуу Бекболот Нажимидинов аттуу Баткен облусунун тургуну фейсбук баракчасына жазды.


Ал аталган аймактын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү баш болуп курулуш ишине активдүү катышып жатканын айтып, алардын бул иштери жүрөгүн жылытканын жазган.  


"Өкмөттүн бүгүнкү кылган жумушуна жүрөгүм жылыды. Чек арачы эненин күйгөн үйүн сүрүп жаңы үй баштаганы жатышыптыр. Аким, айыл өкмөтү, облустук прокурор, райондук милициянын башчысы баш болуп үйдүн курулусуна көмөктөшүп жатыптыр. Атайын барып бүгүн кабар алып келейин дегем чек арачы чоң эне менен чоң атанын. Ичимен сүйүнүп кайттым. “Райондук ишканалар, ар бир айыл өкмөт өз бюджетинен салым кошуп жатышат” деди райондун акими. Аллах ыраазы болсун. Элибиз да карап турбайт, эртеңден чогултуп буйурса алып келип берем. Баткен эли сиздер менен деп элдин атынан сүйлөп келдим. Чоң ата менен чоң эненин бейпилдиги, жашоосу үчүн чек араны бекемдеп чечип берсе экен. Үй курулса бизге негизгиси тынч, бейпил жашоого шарт түзүп бериңиздер деп суранышты акимден тургундар", - деп жазган Бекболот Нажимидинов.




Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кыргыз
Коргонуну дагы бетон менен тосуп бериш керек 2м.бийик кылып