Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:55
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Баткенде Өзбекстанга аткезчилик жол менен алынып бара жаткан электр лампалары кармалды

23.06.2020 17:14
1097
Баткенде Өзбекстанга аткезчилик жол менен алынып бара жаткан электр лампалары кармалды


23-июнга карата “Айдаркен” чек ара отрядынын өкүлдөрү Өзбекстанга аткезчилик жол менен алынып бара жаткан 240 миң сомдук жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, чек арачылар Мүрзө деп аталган аймактан “Хендай Портер” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анда Д.Б. аттуу айдоочу чек ара пунктунан башка аймактан өтүүгө аракет кылган. Унаанын ичине тинтүү жүргүзгөндө мыйзамсыз түрдө Өзбекстанга ташылып бара жаткан 24 миң даана лампа болгон. Ал эми жүктүн жалпы суммасы 240 миң сомду түзгөн.


Кармалган жаран жана жүк Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн