Баткенде жаңы мектептин курулушунда кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин сапатына текшерүү жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында Лейлек районунун Раззаков шаарында курулуп жаткан Д.Жороев атындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө "Сапат Строй курулуш" ЖЧКсы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Ошондой эле курулуштун көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тапшырылган эмес. Мындан тышкары, коопсуздук техникалык эрежелери толук аткарылбагандыгы аныкталды.
Натыйжада аталган компанияга башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Мындан сырткары, протоколдун негизинде айып пул салынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн