Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде жапайы кара куурайлар жок кылынды (сүрөт)

09.07.2020 12:44
1314
Баткенде жапайы кара куурайлар жок кылынды (сүрөт)

 

Кадамжай жана Баткен райондорунда жапайы кара куурайлар жок кылынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кадамжай районуна караштуу Марказ, Масалиев айыл аймагында кароосуз калган ээн талааларда жана ошондой эле арык бойлорунда өскөн 5 тоннадан ашык кара куурай оорулуп, өрттөлүп жок кылынды.


Ошондой эле Баткен районуна караштуу Аксай айыл аймагынын Таш-Тумшук участкасынан 1 тонна 300 кг, Төрт-Гүл айыл аймагыгын Секиртме участкасынан 1 тонна 800 кг, жалпысынан 2 тонна 100 килограммдай жапайы кара куурай жок кылынган.


Кара куурайды жок кылуунун максаты, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле жаш жеткинчектерди кылмыш жолунан алып калуу”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн