Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде жайыт жерди мыйзамсыз трансформациялоо аныкталды

10.05.2022 17:38
916
Баткенде жайыт жерди мыйзамсыз  трансформациялоо аныкталды

Баткен облусундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


 Маалым болгондой,   2016-жылдын 27-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин буйругу менен Халмион айыл өкмөтүнө караган 34,5 га жер тилкеси “жайыт” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которулган.


    Бул буйруктун негизинде Халмион айыл өкмөтү тарабынан 2016-жылдан 2021-жылга чейин жеке турак-жай куруу үчүн «Ирелеш» конушунан жалпы 50 жер тилкеси бөлүнүп, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан бул тилкелерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген. 

   «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик экспедициясы МИнин мамлекеттик институтунун маалыматы боюнча Ирелеш айылындагы 14,5 га жер «жайыт» деп көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-беренесинин 26-пунктуна ылайык жайыт жерлер айыл чарба багытындагы жерлерге кирет.

     Мындан тышкары, ушул Кодекстин 20-беренесинин 12-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлерди талаптарга ылайык башка категорияларга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет.


Ошондой эле, ушул Кодекстин 15-беренесинин 82-пунктуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлер райондук мамлекеттик администрациялардын органдары тарабынан жерлердин башка категорияларына ылайык берилбейт. 


     Аталган факты боюнча 2022-жылдын 18-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн