Бугу 10, 2024
Убакыт: 21:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат

25.03.2020 15:16
1012
Баткенде жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат


Баткен облусунда өзгөчө кырдаалдын режими менен жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.


“Баткен облусу боюнча коронавирус инфекциясынын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча ар бир айыл аймактарда жазгы-талаа иштеринин абалын катуу көзөмөлгө алуу каралып жатат. Бүгүнкү күндө облус боюнча жалпы жазгы талаа иштерине 48734 га жерге эгүү пландаштырылса, 24-мартка карата 24601 га жерге эгиндер эгилип, анын ичинен буудайды эгүүнүн көлөмү 4505 га жетсе, арпа эгүү 9506 га жетти. Ал эми 700 гектарга картошка, 186 гектарга жашылча эгилип, 300 гектарга жаны көчөттөр отургузулду”, - деп айтылат аталган мекеме тараткан маалыматта.



Ошондой эле Баткенде күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер жетиштүү, дагы камсыздоо улананып жатканы белгилүү болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн