Бугу 10, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баткенде жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат

25.03.2020 11:29
951
Баткенде жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат


Баткенде жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, Баткен облусунда Коронавирус инфекциясынын экономикага тийгизген кесепеттерин азайтуу максатында ар бир айыл аймактарда жазгы-талаа иштеринин абалын катуу көзөмөлгө алуу каралган.  Бүгүнкү күндө облус боюнча жалпы жазгы талаа иштерине 48734 гектар жерге эгин эгүү пландаштырылса, 24-мартка чейин 24601 гектар жерге эгиндер эгилген. Анын ичинен буудай 4505 гектар жерге, арпа 9506 гектар жерге айдалган. Ал эми 700 гектарга картошка, 186 гектарга жашылча эгилип, 300 гектарга жаны көчөттөр отургузулду. 


Ошондой эле маалыматта учурда Баткенде күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер  жетиштүү, дагы  камсыздоо улантылып жатканы айтылат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн