Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде жеңил унаа оодарылып кетип, эки адам каза болду

11.09.2020 10:48
1138
Баткенде жеңил унаа оодарылып кетип, эки адам каза болду

Баткен облусундагы жол кырсыктан эки адам каза болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кырсык 11-сентябрда саат 06:37 чамасында Ош–Баткен–Исфана унаа жолунун  11-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) катталган. «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, натыйжада унаа оодарылып кеткен. 

Жерине куткаруучулар жеткиче медиктер жабыркаган жарандарды ооруканага алып кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки жаран жабыркап, эки адам ооруканада каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн