Бүгүн, 9-июлда Баткен облусунда жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 12:39да Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү шаарында, Лейлек районунун Исфана шаарында 4 балл, Катраң айылында 4 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн