Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде жыл башынан бери аткезчилик боюнча 22 факт катталды

07.05.2020 17:51
947
Баткенде жыл башынан бери аткезчилик боюнча 22 факт катталды

 

Баткен облусунда бүгүнкү күнгө чейин аткезчилик боюнча 22 учур катталды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 22 учурдун баары кошуна Тажикстандан Баткен облусунун аймагына мыйзамсыз, бажы көзөмөлүнөн сырткары башка жолдор менен кирген учурлар. 


Катталган фактылар боюнча тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан сотко чейинки тергөө иштери жүргүзулүп, келтирилген чыгымдар мамлекетке өндүрүлүп жатат.


Ошондой эле, Тажикстанда коронавирус илдети күчөп жаткандыгына байланыштуу Баткен облусундагы чек ара аймактар жана көзөмөл өткөрүү бекеттеринде санитардык-карантиндик көзөмөлдөр күчөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн