Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:30
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Баткенде жол кырсыгынан 5 адам жаракат алды

13.05.2020 09:26
1128
Баткенде жол кырсыгынан 5 адам жаракат алды


Баткен шаарында жол кырсыгы катталып, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 13-майда саат 00:57 чамасында Садыков көчөсүндө  “Портер” жана “Ниссан” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 5 эркек адам ар кандай жаракат алган. Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн