Баткен шаарында жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарында 10-июнь күнү 02:38де Нургазыев жана Садыков көчөлөрүнүн кесилишинде “ВАЗ-2107” Жигули үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 38 жаштагы эркек киши каза болуп, 37 жаштагы аял жабыркаган.
Куткаруучулар маркумдун кыпчылып калган денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн