Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында “Хюндай Портер” жана “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган, 1979-жылы туулган эркек кишилер жабыркаган.
Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн