Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 02:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Баткенде жубайларына зомбулук көрсөткөн эки жаран кармалды

14.08.2020 13:37
1132
Баткенде жубайларына зомбулук көрсөткөн эки жаран кармалды


Баткен облусунун Кадамжай районунда жубайларына зомбулук көрсөткөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык,  29-30-июль күндөрү Кадамжай районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка эки жаран кабылган. 29-июлда Кадамжай шаарынын тургуну балдар ойноочу аянтчада коомдук тартипти бузуп, мыйзамдуу никедеги аялын маданиятсыз сөздөр менен урушуп, денесине залал келтирген. Натыйжада жабырлануучу денесинен жараат алып, Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылган.


Ошондой эле жогорудагыдай факты 30-июлда Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында дагы катталган. Анда Халмион айылынын 36 жаштагы тургуну мас абалында өз аялын сабап денесине залал келтирген.


Катталган эки окуя боюнча 75-берене (Үй-бүлөөдөгү зомбулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Жубайларына зомбулук көрсөткөн эки жаран тең ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилип, Кадамжай райондук соту тарабынын тергөө амалдары аяктаганга чейин, шектүүлөргө карата "Башка жака кетпоо" бөгөт коюу чарасы колдонулуп тил кат алынган.


Окуя боюнча жабыр тарткан эки жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн