Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 14:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Баткенде жугуштуу оорулар ооруканасы оңдолуп бүттү

29.09.2020 15:52
868
Баткенде жугуштуу оорулар ооруканасы оңдолуп бүттү


Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары учурда толугу менен аяктады. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, оорукананын жылытуу системасы, канализация жана суу линиялары жаңыланып, оорукана керебеттер, төшөнчүлөр менен камсыздалып, керектүү медициналык жабдуулардын алгачкы тобу келип түштү. 


Оорукананын жандандыруу бөлүмү 9 бейтапка ыңгайлашкан. Ар бир бөлмө кычкылтек концентратору менен камсыздалууда. Ошондой эле жакынкы күндөрү борборлоштурулган кычкылтек концентраторунун орнотулушу күтүлүүдө.

Учурда оорукананын штаттык бирдиктери каралып жатат. 78 медициналык кызматкердин иштөөсү белгиленген. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен районунун жана Баткен шаарынын 120 миңге жакын калкына, облустук оорукананын 45 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү кызмат көрсөтүп келген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн