Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 7-октябрынан тарта, муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда. Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 ИВЛ, 60 кычкылтек концентратору орнотулду.
Облуста коронавирус оорусу менен ооругандар үчүн, ооруканада жалпы 538 орун даярдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн