Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде жума намазга жана бир катар иш-чараларга чектөө кирди

02.07.2020 17:00
1042
Баткенде жума намазга жана бир катар иш-чараларга чектөө кирди

 

Баткен облусунда бир катар карантиндик чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында, облустун аймагында бир катар коомдук жайлардын иштөөсүнө, иш чаралардын өтүүсүнө чектөөлөр кабыл алынды.


Чектөөлөр:


- жума намаздарын мечиттерде жамаат менен окууга убактылуу тыюу салынат, үйдө окуу сунушталат.

- той, куран окутуу, загс мааракелерин өткөрүүгө убактылуу тыюу салынат.

- облустун аймагындагы коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторан, ашкана жана дүкөндөрдүн ээлери санитардык эрежелерди сактабаса, мекеме жабылат.

- коомдук транспорттун айдоочулары, жүргүнчүлөр санитардык норманы сактабаса, тиешелүү чаралар көрүлөт жана бир тараптуу автобустук каттамдан четтетилет.

- аймактарда кафе, ресторан, ашкана коомдук тамактануучу жайлар күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөсү белгиленет.

- соода түйүндөрү, дүкөндөр күн сайын саат 07:00дөн 19:00 гө чейин гана иштөөсү белгиленет.

- бардык базарлар саат 09:00дөн 17:00гө чейин гана иштөөсү белгиленет.

-балдар оюн аянтчалары жана башка көчөдө уруксаатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрүнө тыюу салынат.

- тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. Кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандыгы үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат.

- балдар оюн –зоок мекемелери, футбол аянтчаларына иштөөгө тыюу салынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн