Баткендеги Зардалы айылына жаңы жол салынат. Бул тууралуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдикарим Каламбеков кабарлады.
Анын айтуусуна караганда, сел эски Сох-Кан-Зардалы жолун жууп кеткен. М-Магнит жеке компаниясы аталган жолду ачып гана тим болбостон, анын туурасын кеңейткен. Бул жолдун узундугу 60 чакырымды түзөт.
Аталган компания Тунук-Суу айылынан Зардалы айылына чейин жаңы жол салат. Себеби Тунук-Суу айылында цемент заводун жана көмүр казуучу ишкана курууну пландаштырууда. Заводду куруу үчүн капсула салынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн