Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Баткендеги чек ара чатактарынын Борбор Азиянын “Балканына” айлануусуна жол берилбеши керек

20.01.2020 14:24
1046
Баткендеги чек ара чатактарынын Борбор Азиянын “Балканына” айлануусуна жол берилбеши керек

Кыргызстан эгемендик жылдарында коңшу Кытай, Казакстан менен чек ара маселесин ийгиликтүү чечсе дагы,  Тажикстан, Өзбекстан менен чече албай келет. Мында, Кытай, Казакстан өлкөлөрүнүн лидерлери чек ара маселесинин өз учурунда жана ыкчам чечилишине кызыкдар болушу негизги ролду ойногон. Ал эми Кыргызстандын Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери менен чек ара маселесин чечип алуусу, ачык айтканда өтө кыйынга турууда. Мунун себептери көп.


Эки тарап “аттан түшүп сүйлөшпөсө” маселе чечилбейт


Тажикстан менен чек ара маселесинде бир пикирге келе албай жатканыбыздын тамыры эсил кайран СССРге барып такалат. СССР кезиндеги улуттук мамлекеттердин аймактарын жалпы союздук чарба жүргүзүү шылтоосу менен бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өткөрүп бере берүү саясатынын кесепети, анын айынан бүгүнкү күндө чек ара көйгөйүнүн чечилишинин кечеңдеши, кадимки Збигнев Бжезинскийдин тили менен айтканда Ферганадагы “жаңы Балкандардын” келип чыгышын каңкуулап тургансыйт. Баарыбызга белгилүү болгондой мурдагы Югославияга кирген Балкан өлкөлөрүндөгү (Косово, Босния, Герцеговина, Македония) чек ара чатагы, эзелтеден эшиктеш, короолош жашаган ар улуттагы элдердин бөлүнүп жарылып, бир-бирин сүрүп чыгуулары күнү бүгүн басаңдабай, анын үстүнө мындан пайдаланган сырткы күчтөрдүн кайраштыруулары бүтүндөй Европаны солкулдатып келет. Кыйды Збигнев Бжезинский салыштыруу таппай калгансып, мына ушуну айтып атат.

Президент В.В.Путин СССРдин улут саясатындагы мындай өксүктөрдү “Лениндин койгон бомбасы” деп атады. Кыргызстандын түштүгү калк жыш жайгашкан аймак. Мындагы элдер өзбек, тажиктер менен кылымдар бою коңшу-колоң, куда-сөөк болуп аралаша жашап келет. Өзгөчө “сеники меники жок” СССР кезинде Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек ара жерлериндеги айрым чек ара аймактары, жогоруда айтканымдай жалпы союздук чарба жүргүзүүнүн кызыкчылыгы үчүн бир мамлекеттен бир мамлекетке берилип кеткен учурлары, же таза эле аралашып калганы жашырын эмес. Анын айынан, Сох, Ворух, Шахимардан өңдүү анклавдар пайда болуп, карапайым калк ичинде “ал жер биздики эле” деген сөздөрдү жаратып келет.

     Ошону менен, өкүнүчкө жараша кыргыз-тажик чек арасындагы демаркация жана делимитация иштеринин кечигүүсү СССРдин көрүн казуучулардын бири Збигнев Бжезинскийдин тилегине ылайык, чек ара аймактарында эки элдин тирешүүсүн жаратууда. Алып айтсак, кыргыз тажик чек арасында 2019-жылдын 11 айында эле адам өлүмү менен коштолгон 13 жаңжал чыкса, 2017-жылы ушундай көрүнүштөгү 7 инцидент катталыптыр. Бул фактылар кыргыз-тажик  чек ара көйгөйү жетчү жерине жетип калганын көрсөтөт. Кеп бир гана Кыргызстан тарапта эмес. Коңшу Тажикстан да чек ара маселесинде “аттан түшүп сүйлөшпөсө” чек ара маселеси чечилбейт жана бүгүнкү болуп жаткан чер ара жаңжалдары эч качан тыйылбайт.


 Дүйнөлүк практикада кандай?


 Мындай шарттарда Кыргызстан менен Тажикстандын “алыскы туугандан жакынкы коңшу” саясатын жүргүзүүдөн башка жолдору жок. Башкача айтканда, кандай гана болбосун чек ара маселесин эмоция менен эмес, эки мамлекеттин, чек ара аймагында жашаган элдердин кызыкчылыгын эске алуу, өз ара мунасага келүү менен чечүүгө туура келет. Ошондой эле тарыхый-маданий, экономикалык байланыштарды чыңдоо, аны коңшу элдердин ынтымак-ырашкерлигине багыттоо жолдору да бар. Өзгөчө Тажикстандын ЕАЭБге мүчө болгон Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусу ортодогу чек аранын айынан келип чыккан келишпөөчүлүктөрдү четтетип, эки өлкөнүн түбөлүк коңшулук, ынтымак-ырашкерлик мамилесин арттырмак.Эки тараптын мындай кадамдарга баруусу, бул чек ара маселесинде башты жерге салып артка чегинүү эмес, дүйнөлүк практика. Көпчүлүк дөө-шаа деген мамлекеттер да чек ара маселесинде берчүсүн берип, алчусун алып, жакшы коңшулук мамилесин улантып келет. Айталы, Россия бир кезде Кытай менен кырылышкан Даманск аралын акыры Кытайга берип тынды. Муну менен талаш жерлерди тажик туугандар кыргыздарга, кыргыздар тажиктерге кармата берсин дегенди айтып жаткан жокпус, тескерисинче, эки элге ыңгайлуу жана ынанымдуу шарттарда чечип алууну айтып жатабыз.

   

Кыргызстандын аракети


 Мурдагы бийлик Тажикстан тарабы 1924-25-жылдардагы документтерге таянып, андан тап жылбай жатканын айтып, колун жайып отуруп бергенин, аны менен тим калбай Тажикстандын дарегине ачуу сөздөрдү узатканын жакшы билебиз. Чек ара маселеси мындай тирешүүлөр менен чечилбейт. Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселени коңшулук ынтымак-ырашкерлик, эки тараптын кызыкчылыгына жооп бергендей деңгээлде чечүүнү көздөп келет. Анын 2018-жылдын февраль айындагы Тажикстанга жасаган расмий иш-сапарынын, андан кийин ушул эле маселе боюнча Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен Ысык-Көлдөгү жолугушуусунун башкы максаты да чек ара маселеси болду. Ошону менен 2015-жылы токтоп калган кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо кайра жанданган.

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Баткен облусунда 10-12 талаш участоктору бар. Премьер-министрлер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эки тарап тең өз позицияларында катуу турат. Вице-премьерлер даярдоо иштерин жүргүзүүдө. Президент Эмомали Рахмон менен жолукканымда бул маселелерди чечебиз”. 

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын 40 пайызы гана чечилген, же болбосо эки өлкөнүн 970 чакырымдык чек ара тилкесинин 504 чакырымы такталган.

Бүгүнкү күндөгү чек арадагы кыйчалыш кырдаалда Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Эмомали Рахмон менен сүйлөштү. Эки президенттин тапшырмасы боюнча вице премьер-министрлер  Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим жолугушуп, андагы жетишилген келишимге ылайык 15-февралга чейин 114 чакырым чек ара тилкеси боюнча эки тараптын позицияларын тактоо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары 1- мартка чейин Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашуу сунуштарын иштеп чыгуу, Чоркух - Ак-Сай - Ворух, Көк-Таш – Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөт жүргүзүүнү улантуу, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу иш-чараларын көрүү ж.б. маселелер тууралуу протоколго кол коюлду.

 

Алмашуулар жөнүндө...

 

Чек ара маселесин чек ара тилкесиндеги айрым жерлерди алмашуу менен чечүү тууралуу сөз жүрүп жатканы көптөн үмүттөндүрүп турат. Бул туура кадам. Көрүнүп тургандай Тажикстан өз жүйөөсүн, Кыргызстан өз позициясын айтып тиреше берүүдөн пайда жок. Өзгөчө эки мамлекеттин чек ара аймагында жашаган калктары муну жакшы түшүнбөсө, оңой менен майнап чыкпайт. Бир сөз менен кайсы тарабынын болбосун чек ара маселесин чечүүдөгү ар бир кадамы ынанымдуу жана негиздүү болушу керек жана эки мамлекеттин мамлекет башчыларынын (Сооронбай Жээнбеков, Эмомали Рахмон) саясий эркин талап кылат.  

    Болбосо, дагы эле Збигнев Бжезинский тили менен айтсак, Баткендеги чек ара чатактарынын Борбор Азиянын “Жаңы Балканына” айланып кетүүсү көп акылды деле талап кылбайт.

    Тажикстан тарабын айталбайбыз Кыргызстанда чек арадагы талаш жерлерди алмашуу жолу менен чечүүнү туура көргөндөр, колдогондор жок эмес. Мисалы, чек ара маселесин мыкты билген, өзү да Кыргызстандын чек ара кызматын жетектеп калган, азыркы Акыйкатчы Токон Мамытов маалымат каражаттарына мындай деп билдирди: "Чек ара такталмайынча элдин коопсуздук маселеси чечилбейт. Кооптуу бойдон тура берет. Бул маселени өкмөт азыр аракет кылып чечиши керек. Анын үч жолу бар. Биринчиси, Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жайгашкан эл менен такташып, сүйлөшүп кимиңер жер алмашканга макулсуңар деп сураш керек. Мындайча айтканда, Тажик мамлекетинин биздин жерде анклавтары бар, ошону алмаштыруу шарт. Аларга анклавдын өлчөмүндө чек ара жактан жер бериш керек. Суу баскан жерди суу баскан жерге, кайрак жерди кайрак жерге, таштак жерди таштак жерге алмаштыруу шарт. Бирок эл менен кеңешип туруп алмашуу процесстерине баруу керек. Экинчиси, эки өлкөнүн өкмөттөрү чек ара такталбаса, эки мамлекет бир сөзгө келе албайт экенбиз ортомчу болгон бир мамлекетти же эл аралык уюмду чакыралы деп айтыш керек. Алар кандай чечсе, ошого макул бололу деген жыйынтыкка келүү зарыл. Үчүнчүсү, эки тараптуу макулдашып эл аралык сотко кайрылыш керек"...Жүйөлүү сөз.

 

Эсенбек Касенов

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Маке
Чек араны саткан жер саткыч Мадумаровту жоопко тартыш керек!
Осмонали
Баткендеги чек араны чечүүгө тоскоол болуп жаткан айрым жергиликтүү кеңештин депутаттарын көрүп жатабыз. Аларды мамлекеттин бүтүндүгү эмес балким өздөрүнүн аткезчилик менен ташыган соодасы көбүрөөк ойлонтот.