Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Чек ара чырында өрттөлгөн турак үй өкмөттүн жардамы менен курулуп жатат (фото)

28.05.2020 14:07
1336
Чек ара чырында өрттөлгөн турак үй  өкмөттүн жардамы менен курулуп жатат (фото)


Баткен облусунда 8-майда кыргыз-тажик чек арасында орун алган чыр чатактын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка таянсак, курулушка мамлекет тарабынан жетиштүү акча каражаты бөлүнгөн. Өз кезегинде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов турак үйсүз калган үй бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштоо, турак үйдү күз айларына бүтүрүүгө Баткен районунун жетекчилигине тапшырма берген.


Учурда турак үйдүн өрттөлүшү боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен-Согди облустарынын тийиштүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталып, чыгымдын орду толтурулат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн