Баткен облусундагы чек ара жана санитардык-карантиндик посттор текшерилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал майору Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында жана Ош облусунун Ноокат районунда укук коргоо органдарынын иштери менен таанышты.
Алар кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү максатында Лейлек районундагы Интернационал айылындагы жана “Кайрагач” көзөмөл-өткөрүү жайларында санитардык-эпидемиологиялык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн