Коронавирус илдетине байланыштуу Баткен облусундагы ири базарлар бүгүндөн тарта жабылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы борбордук базар, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылындагы Самаркандек базары, Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Кара-Бак базары, Кадамжай районундагы Халмион базары жана облустун аймагындагы район, шаарлардагы ири базарлар жабылат.
Ал эми күнүмдүк соода түйүндөрү, кичи базарлар кадимкидей ишин улантат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн