Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткендеги кырдаал боюнча бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүү сунушталды

30.04.2021 12:50
987
Баткендеги кырдаал боюнча бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүү сунушталды


Журналисттер, блогерлер жана активдүү жарандар Баткендеги кырдаал боюнча бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүү үчүн борбор ачуу демилгесин көтөрүп чыгышууда. Бул тууралуу журналист Дайыр Орунбеков Фейсбук баракчасында билдирди.


Билдирүүдө мамлекеттин кызыкчылыгын маалымат айдыңында биргеликте чагылдырууну сунуштап, эл аралык аренада маалымат жактан күчтөнүүгө басым жасоо айтылган.


"Баткендеги кырдаал боюнча бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүүдө чогуу иштөөгө чакырабыз. Эл аралык коомчулукта маалыматтык жактан утулуп жатканыбыз байкалууда. Ошого байланыштуу атайын борбор ачып, мамлекеттин кызыкчылыгын маалымат айдыңында биргеликте чагылдырууну сунуштайбыз. Борбор - маалымат таратууну ирээттеп, ылгап жана бир нече тилде мамлекеттен тышкары дагы таралуусу боюнча иш алып барат.


Бүгүн, саат 15:00дө журналисттерди, блогерлери жана маалымат таратууга мүмкүнчүлүгү бар активдүү жарандарды Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын жыйындар залына жолугушууга чакырабыз. Ал жерде демилгелүү топ түзүлүп, иштин багыты аныкталат.

Андан соң, жумуш Турусбекова 109/3 дарегинде уланат. Ал жерде журналисттер үчүн бардык шарттар түзүлдү. Колго автомат көтөрүп мекен коргогон сыяктуу эле, маалыматтык коргонуу дагы өтө маанилүү. Келгиле, биригели!
Байланыш: 0705 991199
Шилтеме аркылуу WhatsApp группага кошулуңуздар: https://chat.whatsapp.com/GvLB83ptwYYHtgxQOvdHRH", - деп билдирди Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн