Учтун айы 16, 2025
Убакыт: 12:48
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.840
0.880

Баткендеги көмүр кенине абаны булгагандыгы үчүн айып салынды

16.01.2025 09:53
27
Баткендеги көмүр кенине абаны булгагандыгы үчүн айып салынды


Баткен районундагы Толукбай кенине абаны булгагандыгы үчүн айып пул салынып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 8-10-январь аралыгында "Толукбай" ЖЧКсынын көмүр кенине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө булгоочу заттарды чыгарууга уруксат кагаздарынын жоктугу жана абадагы чаңдын максималдуу жол берилген чегинен ашып, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна коркунуч келтирген сыяктуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Жыйынтыгында ишканага 28 миң сом айып салынып, экологияга келтирилген зыян үчүн 84 миң 172,6 сом доо коюлган.

Шахтага белгиленген мөөнөттө мыйзам бузууларды жоюу боюнча буйрук чыгарылган.

Жаратылыш ресурстары министрлиги экологиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн эскертип, жарандардын ден соолугун жана экосистеманы коргоо боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн