Кыргызстан менен Тажикстандын автоунаа жолдорунун кесилишине жол чырактар жана байкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу өкмөттү Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Жака-Өрүк участкасынан өткөн Баткен-Исфана автоунаа жолунун, Тажикстандын Исфара-Ворух автоунаа жолунун кесилишине 4 жол чырак (светофор) орнотулган.
Ошондой эле, Баткен районунун Тажикстан Республикасы менен чектеш Ак-Сай, Көк-Таш айылынын аймактарына видео көзөмөл үчүн камералар орнотулганы кабарланды.
Мындан улам азыркы учурда социалдык тармакта тарап жаткан тажик тарап чектеш аймака жол чырактарын орнотууда деген тынчсызданууларга негиз жок, жол чырактар менен байкоо камералар эки элдин коопсуздугу үчүн, биргеликте жасалган аракет деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда Баткенде жашабаган, аймактын чек ара көйгөйүн түшүнбөгөн, айрым жарандарга, өзгөчө кырдаал учурунда чек арадагы элди дүрбөтүүчү, туура эмес маалыматтарды тараткандарга катуу чаралар көрүлөөрүн эскертишет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн