Теке 06, 2024
Убакыт: 18:30
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Баткендеги жаңжалдан жаракат алган кыргызстандыктын көзүнө Түркияда дагы деле операция жасала элек

18.06.2021 18:42
1061
Баткендеги жаңжалдан жаракат алган кыргызстандыктын көзүнө Түркияда дагы деле операция жасала элек


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөн Чыңгыз Каработоевдин жакындары Түркиянын мамлекеттик клиникасынын дарыгерлерине нааразы болушууда.


Алардын айтымында, жардам көрсөтүлбөй, дагы деле көзүнө операция жасала элек. Анын көрүүсү күн сайын начарлап баратканын белгилешти.


"Менин агамды клиникага бир ай мурун алып келишкен. Бул убакыттын ичинде бутка гана операция жасалган. Анын негизги көйгөйү анын көзү болчу. Андан бери дарыгерлер бошой албай жатышат. Эми экинчи көзү начар көрө баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Осмон Масалиев бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө деп гана айтууда. Бирок алар бизге жаракат алган көздү качан карай башташарын түшүндүрбөйт, дарыгерлер бизге кеңеш беришпейт", - деди жабыркагандын жакын тууганы.


Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Стратегиялык пландаштыруу программасын ишке ашыруу жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Осмон Масалиев түшүндүрмө берди.


"Биз аны ооруканага жеткирдик. Аларды ооруканага алып келишкенде, бейтаптын абалын текшергенден кийин, анын буту-колу менен кыйынчылыктар болуп жатканын көрүшкөн. Сыныктын жаралары болгон. Ошондуктан, бейтаптын бутун калыбына келтирүү жана сактап калуу үчүн биринчи кезекте дарыгерлер колго алышты. Алар бутка бир нече жолу операция жасашкан. Түркиялык дарыгерлер бейтаптын көзүндө операцияга тоскоол болгон шишик бар экендигин билдиришти. Азыр дарыгерлер көздөгү шишикти басуу үчүн дарылоо иштерин жүргүзүп жатышат", - деди Масалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн