Кулжа 29, 2024
Убакыт: 22:30
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Баткенден 51 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

10.09.2020 18:01
945
Баткенден 51 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү


Бүгүн, 10-сентябрда Баткен облусунун ар кайсы аймактарында, коронавирус инфекциясы жайылган учурда оорунун очогунда эмгектенген дарыгерлер эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, дарыгерлерди облус башчысы Алишер Абдрахманов узатып, өмүр сакчыларына ак жол каалады.

Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы “Рахат” эс алуу пансионатында 7 күн акысыз эс алышат. Дарыгерлердин эс алуусун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздук уюму уюштурган. Алардын барып келүү жол акысы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн