Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Баткенден эч ким жок. Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү кайсы жердин кулундары? (тизме)

02.02.2021 18:25
10080
Баткенден эч ким жок. Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү кайсы жердин кулундары? (тизме)

Жакынкы күндөрдө жаңы өкмөт ишке киришет. Кечээ көпчүлүк коалициянын, бүгүн тармактык комитеттин элегинен өттү.  Болгону Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жактырылса өкмөт мыйзамдуу түрдө бекитилет.

Марипов баштаган өкмөт курамы мурдагы караганда бир топ кыскарган. 

Биз жаңы өкмөт курамынын кайсы жердин кулуну экенине кызыгып көрдүк.


1.Премьер- министр - Улукбек Марипов (Ош, Ноокат району)


2. Биринчи вице-премьер - Артём Новиков (Бишкек)


3. Экономика жана финансы минстрлиги - Улукбек Кармышаков (Ош, Кара-Кулжа району)


4. Өкмөттүн Аппарат башчысы - Жеңиш Асанкулов (Жалал-Абад, Кара-Көл шаары)


5. Коргоо министрлиги - Таалайбек Өмүралиев (Нарын, Кочкор району)


6. Тышкы иштер министрлиги - Руслан Казакбаев (Талас, Кара-Буура району)


7. Юстиция министрлиги  - Асель Чынбаева (Чүй, Кара-Балта)


8. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги  - Алымкадыр Бейшеналиев (Чүй, Кемин району)


9. Билим берүү жана илим министрлиги  - Алмазбек Бейшеналиев (Нарын, Ат-Башы району)


10. Маданият, маалымат жана спорт министрлиги  - Кайрат Иманалиев (Бишкек)


11. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги - Бообек Ажикеев (Ош, Өзгөн району)


12. Ички иштер министрлиги  - Уланбек Ниязбеков (Талас, Бакай-Ата району)


13. Транспорт, архитектура жана коммуникация министрлиги - Гулмира Абдралиева (Чүй, Кемин району)


14. Энергетика жана өнөр жай министрлиги - Кубанычбек Турдубаев (Чүй облусу)


15. Айыл, суу чарба жана аймактык өнүгүү министрлиги - Аскарбек Джаныбеков (Ысык-Көл, Ак-Суу району)


16. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет - Камчыбек Ташиев (Жалал-Абад, Сузак району)

Пикирлер (14)

Коопсуздук коду
Айылдык
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен билим берүү, маданиятты бириктире болот. Медицина таар профиль, бири бирине кошула албайт. Элди кыйнайсынар. Эксперттер туура баа бергиле. Кресло эле эмес. Кызматкерлерди да, элди да ойлогула. Социалдык маселеге көңүл буруу азаят. Элди ойлободунар!
Талгат
Кандай болсо дагы, эн негизгиси иштешсин, иштебегени озу билип кетсин.
Мен
Кайрат Иманалиев Ысык-Көлдүн Темировкасынан
Айзат
К. Иманалиев 1977-ж. Бишкек шаарында туулган. 1994-ж. Каракол шаарындагы лицей-мектепти аяктаган. Туулган жери Бишкек болгондуктан, бишкектик болуп калат. Туура эле жазылган
Жусупова Марзия
Баткенден татыктуу министр жок бекен. Же Баткен жатпы, өкмөткө өгөйбү?
Баткендик кыз.
Баткен пара бербей койсо кк да. Аякта бар табагым,кел табагым болуп жатат да. Жем салгандар акырга жакын деген.
Жакшыбай Эшмамбетов
Баткенден да бироосун койсонор болмок же баткенде кадыр жоок бекен
Айниса Бостонова
Баткенден да эли жери учун куйгон, мекенчил жаштарыбыз бар болчу.