Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткенден унаа уурдап качкан жаран Бишкектен табылды

27.12.2022 15:11
689
Баткенден унаа уурдап качкан жаран Бишкектен табылды

Уурулукка шектелген 22 жаштагы жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка таянсак, Баткен шаарынын 35 жаштагы тургуну унаа оңдоочу жайына келген “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү кардардын унаасын жана “Launch” аталышындагы диагностикалык аппаратын белгисиз жарандар 15-декабрь күнү түн ичинде уурдап кеткендигин билдирип, жабырлануучуга унаадан башка дагы 300000 (үч жүз миң) жакын материалдык чыгым болгонун билдирип, арыз менен кайрылган.


Бул факты Баткен ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу), 205-беренесинин (Уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

   

      Баткен ОИИБдин жана Баткен ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 22 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну Бишкек шаарынан аныкталып, кармалып, Баткен шаарына алынып келип, убактылуу кармоо жайына киргизилди. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн