Баш оона 21, 2025
Убакыт: 23:39
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Баткендик дарыгерлер Ысык-Көлдөгү эс алуунун шарттарына нааразы эмес, - штаб

14.09.2020 18:01
1238
Баткендик дарыгерлер Ысык-Көлдөгү эс алуунун шарттарына нааразы эмес, - штаб


Ысык-Көл облусундагы “Энесай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында реабилитациядан өтүп жатышкан Баткен облусунун дарыгерлери эс алуу ойдогудай өтүп жатканын билдиришти, деп маалымдайт республикалык ыкчам штаб.


Дарыгерлердин айтымында, жатакана, тамак-аш жана маданий иш-чаралар мыкты деңгээлде уюштурулган. 


"Социалдык тармактар аркылуу Баткендин дарыгерлери Ысык-Көлдөгү эс алуу шарттарына нааразы болуп жатканы тууралуу маалымат тарап жатат. Биз бул пикирге кошулбайбыз. Мындан артык дагы кандай болсун? Биздин эч кандай дооматыбыз жок. Тескерисинче, ыраазыбыз”, - деди Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын бөлүм башчысы Ирсалат Абдуллаева.


Учурда Ысык-Көлдөгү “Энесай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында 2500дөн ашуун дарыгер эс алып, ден соолуктарын калыбына келтиришти. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн