Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:45
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткендик ишкерлер үчүн киреше салыгы эки эсе азайтылды

21.02.2022 14:24
865
Баткендик ишкерлер үчүн киреше салыгы эки эсе азайтылды

Баткен облусунун бир катар ишкерлери жана жарандары үчүн киреше салыгынын өлчөмү эки эсе, 10%дан 5 %га кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.


Мындан тышкары эки багытта салыктык жеңилдиктер берилет:


-өзгөчө жеңилдетилген салык режими бар айрым чек арага жакын жайгашкан калктуу пункттарга;


-Баткен облусунун бардык аймактарына.


Биринчи багытка ылайык, айрым жеңилдиктер берилген калктуу конуштардын тизмесине киргизилген Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун 62 айылында катталган, иш жүргүзгөн субъектилерге салыктар боюнча төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленген:


– салык төлөөчүлөрдүн жалданган кызматкерлери үчүн киреше салыгы 5 пайыз өлчөмүндө аныкталган;


– пайда салыгын, сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулган;


– жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча, мүлк салыгын төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.


Экинчи багытка ылайык, жеңилдиктер Баткен облусунун салык органдарында катталган жана өнөр жай тармагы боюнча иш алып баргандарга инвестициялык макулдашууну түзүүнү талап кылбастан берилет. Алардын Баткен облусунан тышкары жайгашкан обочолонгон бөлүктөрү буга кирбейт.


Өнөр жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнө:


-инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;


-жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;


-электр энергетикасы;


-айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;


-жыйноо өндүрүшү;


-ар кандай экспортко багытталган өндүрүш кирет.


28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардын натыйжасында жабыр тарткан субъектилердин 2021-жылдын 1-июнуна карата салыктык карыздары эсептен чыгарылат. Аны чектеш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген жабыркагандардын тизмесине киргизилгендер пайдалана алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн