Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткендин тургунун тажик аскерлери жолдон кармап, Душанбеге алып кетишкен

08.09.2021 07:20
2653
Баткендин тургунун тажик аскерлери жолдон кармап, Душанбеге алып кетишкен

Баткендик тургунду тажик аскерлери жолдон кармап, Душанбеге алып кетишкен. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.


Маалым болгондой, окуя 7-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылында болгон.


Мекеменин маалыматына караганда, Кубанычбек Акматов Кыргызстандын аймагында дары чөптөрдү чогултуп бүткөндөн кийин Үч-Дөбө айылы тарапка бара жаткан. Тажикстандын чек ара кызматынын аскерлери Акматовду Тажикстандын жарандарына чөп сатуу ниети бар деп айыптап, транзиттик жолдон кармап кетишкен. Кармоо учурунда Акматовдун жанынан 100 килограмм болгон болжол менен чайыр чөп же чаар куурай табылган. Учурда Кыргыз жаранынын кармалышы боюнча тараптардын облустук ички иштер башкармалыктарынын башчыларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


Жакын арада Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болот, анда Акматовду өз мекенине кайтаруу маселеси турат.


Тажикстан азыркы учурда Кубанычбек Акматов Душанбе шаарында убактылуу кармоочу жайда  жатат.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Султанова Айсалкын
Тажик жарандарынан качан кутулабыз өз жерибизде кеңири журоалбай калдык элдин баары көчүп кетишине аз калды