Баткен облусунун Сауд Арабиясына барган, карантинге алынган 8 жашоочусунун анализинен коронавирус табылган жок. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
“Бул сегиз жаран Сузак районундагы коронавирус оорусу табылган үч жаран менен чогуу бир авиакаттамда Кыргызстанга келишкен болчу. Алардын анализдери таза чыкты”, - деп айтылат аталган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн