Бугу 08, 2024
Убакыт: 01:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Баткендик жаштар програмисттик кесипке акысыз окутулат

03.05.2021 10:49
798
Баткендик жаштар програмисттик кесипке акысыз окутулат

«Кыргызстандан 50 миң программист даярдоо» долбоорунун алкагында баткендик жаштар акысыз окутулат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров кабарлаган.


Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан кийин, баткендик улан-кыздарды акысыз окутуу чечими кабыл алынган.


«Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо» долбоорун бир жылдан бери ишке ашырып келе жатабыз. Анын алкагында өлкөбүздүн аймактарындагы таланттуу жаштар программалоо боюнча билим алып келет. Бул үчүн символикалуу гана акы төлөйт. Акыркы окуялардан соң биз Баткен облусундагы өспүрүмдөрдү программисттикке акысыз түрдө окуталы деп чечтик. Ишти баштадык. Кызыккан жаштар бизге кайрылса болот. Айрыкча Баткендеги кыздарга ушул багытта билим берүүгө басым жасайбыз».


Азис Абакировдун айтымында, долбоордун катышуучулары онлайн форматта жана Кызыл-Кыядагы IT-лицейде билим ала алышат.


Долбоордун максаты — Кыргызстандын экономикасын колдоо, өлкөбүздөгү эмгекке жарамдуу курактагы жогорку мотивациялуу адамдарды жаңы, суроо-талапка ээ кесиптерге, тактап айтканда, IT-адистиктерине жана башка чектеш онлайн адистиктерине окутуу, пандемиянын кесепетинен жапа чеккен калктын аялуу катмарын замандын талабына дал келген кесиптерге окутуп, акча табуусуна мүмкүнчүлүк түзүү. Долбоордун алкагында 2020-2021-жылга карата 1000 адисти даярдап чыгуу пландаштырылууда. Ага 15 жаштан 60 жашка чейинки адамдардын бардыгы катыша алышат.


Окутуу онлайн режимде кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт, бул интернет бар Кыргызстандын каалаган жеринен билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Курстарды ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр компаниялардан, КАРПОУга мүчө компаниялардан, Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринен иш таба алышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн