Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткендиктерге берилген карыз кечилет

10.05.2023 12:16
437
Баткендиктерге берилген карыз кечилет

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айсара Абдибаева белгилегендей, мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык мурда бөлүнгөн 15 млн сомдук бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров карыздарын кечүү сунушталып жаткан ишкерлер кайсы багыттарда адистешкенин, аларга көрсөтүлүп жаткан жардамдын даректүүлүгүнө кызыкты.

Буга финансы министринин орун басары Улугбек Календеров чек арадагы жаңжалда жабыркаган 75 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредитти кечүү сунушталганын маалымдап, аталган ишкерлер соода, коомдук тамактануу жана башка чакан ишканаларда иштегенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн