Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:09
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Баткендин тургуну өз бир тууганын апасы менен жашаганы үчүн муунтуп өлтүрдү

16.09.2020 12:01
949
Баткендин тургуну өз бир тууганын апасы менен жашаганы үчүн муунтуп өлтүрдү


Баткен облусунда пикир келишпестиктен улам өз бир тууганын өлтүрүп алган жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ушул жылдын 12-сентябрында Баткен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун өз үйүндө белгисиз себептен каза болгондугу боюнча маалымат түшөт.


Окуя болгон жерге Баткен РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгып каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин, ошондой эле маркум өз бир тууган инисинин урган жараатынан улам каза болгондугун аныкташкан. 63 жаштагы маркум айылда 81 жаштагы өзүнүн апасы менен бир үйдө жашагандыктан, анын бир тууган 46 жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсын” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган.


Алган жараатынан улам 63 жаштагы жаран ошол эле түнү окуя болгон жерде каза болуп калган. Бул факты Баткен РИИБдин КЖБРне Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Ал эми кармалган 46 жаштагы иниси убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн