Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Баткенге 700дөй уюлдук телефонду мыйзамсыз алып келүүгө аракет көрүлгөн

Баткенге 700дөй уюлдук телефонду мыйзамсыз алып келүүгө аракет көрүлгөн


Баткенге 700дөй уюлдук телефонду мыйзамсыз алып келүүгө аракет көрүлгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-июнда Баткендин Лейлек районундагы “Кольцо” стационардык постунан жергиликтүү Ш.К.А., аттуу жашоочунун жаранынын башкаруусундагы Opel Zafira унаасы токтотулган.

Бирок айдоочу унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Көрүлгөн чаралардан улам унаа Баткен милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Унааны кароо учурунда 10 кутуга салынган 680 даана уюлдук телефон табылган. Аныкталган телефондордун жалпы суммасы 900 миң сомду түздү.

Учурда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн