Бүгүн Өзбекстан белек кылган тез жардам унааларын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
"Саат 12.00дө Өкмөт үйүнүн алдында Volkswagen Caddy Cargo жана ISUZU D-Max 4x2 үлгүсүндөгү 20 автоунаа колдоно турган тарапка өткөрүп берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Автоунаалар кайсы мекемелерге берилди:
Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борбору — 2;
Кара-Суу аймактык ооруканасы — 1;
Ош шаарынын Тез жардам кызматы — 2;
Сузак аймактык ооруканасы — 1;
Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борбору — 1;
Панфилов жалпы дарыгерлик-практикалык борбору — 1;
Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борбору — 2;
Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору — 1;
КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы — 2;
УКМКнын 9-бөлүмү — 1;
Ноокат аймактык ооруканасы — 1;
Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору —1;
Талас обдуктук бириктирилген ооруканасы — 1;
Сокулук үй-бүлөлүк медицина борбору — 1;
Ак-Талаа аймактык ооруканасы — 1;
Бишкек Тез жардам кызматы — 1.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында коңшу өлкө КРге 20 тез жардам автоунаасын белек кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн