Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенге өзгөчө статус берүү маселеси кийинкиге калтырылды

08.04.2021 13:56
916
Баткенге өзгөчө статус берүү маселеси кийинкиге калтырылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусуна өзгөчө статус берүү программасы каралып, өкмөт мүчөлөрү даярдыксыз келгени үчүн бекитилбей калды.


Депутаттар облустун ички дүң продукциясы, жумушсуздуктун саны, өзгөчө макам берилгенден кийинки артыкчылыктар жана канча каражат бөлүнөрү туурасында сурашкан.


Бирок доклад жасап жаткан Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы жана башка өкмөт мүчөлөрү так жооп бере алган жок. Мындан улам эл өкүлдөрү маселени кароодон баш тартты.


Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов маселени кароону бир жумага жылдыра турууну сурап, даярданбай келген аткаминерлерге премьер-министр чара көрөрүн убадалады.


"Бул программа алты-жети айда жазылып, парламенттин беш комитетинен өткөн. Өкмөттө структуралык өзгөртүү болгондон кийин бир аз даярдыгы жок келишиптир. Жооп бербегендерге премьер-министрдин атынан тишелүү чара көрүлөт", — деди Абытов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн