Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенге жаңы жетекчи дайындалды

18.02.2020 09:49
648
Баткенге жаңы жетекчи дайындалды


Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп Алишер Абдрахманов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, жаңы жетекчи Баткен облустук аппаратынын эмгек жамаатына бүгүн тааныштырылат.


58 жаштагы А.Абдрахманов Баткен облусунун, Баткен районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. 2001-2002-жылдары Баткен облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган. 2012-2013-жылдары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы катары иштеген. 2014-жылы болсо "Республика" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2016-2018-жылдары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн 1-орун басары кызматында турган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн