Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Баткенге жардам көрсөтүү максатында канча каражат чогулду? ӨКМ жообу

01.05.2021 16:03
1132
Баткенге жардам көрсөтүү максатында канча каражат чогулду? ӨКМ жообу


Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткенге жардам көрсөтүү максатында канча каражат чогулганын айтты.

Шамырканов ӨКМдин алдында атайын эсеп ачылганын айтат.

“Учурда 1 млн 200 миң сом түштү. Мындан сырткары, Ош шаарынан азык-түлүккө жана биринчи кезекте керектелүүчү товарларга деп 1 млн 442 миң 997 сом каражат чогултулду. Анын ичинен биринчи каттам менен 1 млн 319 миң сом каражатка азык-түлүк алынып, учакка жүктөлдү. Ош облусунан 21 тонна 968 кг азык-түлүк чогултулду. Ал дагы жүктөлдү. Жалал-Абад облусунан 40 тонна жүк келип, министрдин коштоосу менен Лейлекке бара жатат. Ошондой эле Таластан 400 миң сомго дары-дармектер алынып, жолго чыкты”, - дейт ал.

Министрдин орун басары Ысык-Көл облусунан 316 миң, Нарындан 829 миң 640 сом чогулганын кошумчалады.

“Аны акчалай же азык-түлүк түрүндө беребиз”, - деп билдирди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн