Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:08
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Батукаевдин иши каралган сотто мурдагы министр Динара Сагынбаева суралды

Батукаевдин иши каралган сотто мурдагы министр Динара Сагынбаева суралды


Бүгүн, 13-май  күнү Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болду. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. 


Маалыматка ылайык, сот отурумунда күбөлөрдү суракка алуу процесси жүргөн.  Анда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева суралган. Андан кийин күбө М.Бекенова сурак берген. 


Кийин иш убактысы аяктаганына байланыштуу соттук териштирүү 14-майга саат 10:00гө жылдырылган.


Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн