Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат.
Анда Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президентттин сот отурумуна катышуусу керектиги тууралуу жана акыркы сөзүн айтууга укугу бар экенин айтып, судьяга өтүнүчүн келтирген.
Жактоочунун айтымында, сот аткаруучу адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырып, УКМКга Атамбаевдин сотко келүүсүн камсыздоо үчүн билдирүү жөнөткөн. Бирок Алмазбек Атамбаев өзү чечимдер күн мурунтан эле чыкканын айтып, сот отурумуна катышпай турганын билдирген.
Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө
кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча
"коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда
айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы
прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы
кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология
борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн