Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 00:10
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму жылдырылды

02.06.2020 13:08
1068
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму жылдырылды


Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, А.Атамбаев, И.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.


Айыпталуучу А.Раимжановдун ооруп калгандыгына байланыштуу, соттук териштирүү 9-июнга күнүнө саат 10:00гө жылдырылган.

 

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн