Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотто Индира Жолдубаева алгачкы ирет үн катты

18.06.2020 14:57
978
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотто Индира Жолдубаева алгачкы ирет үн катты


Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева алгачкы ирет оюн билдирди. Эске салсак, аны мамлекеттик айыптоочулар 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.


Учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан иште жарыш сөз болуп жатат.


Анын айтымында, ага карата эки күбө көрсөтмө берген.


Алардын бири Шамиль Атахановдун кеңешчиси Бекенов, экинчиси Нарын райондор аралык сотунун мурдакы судьясы Жапар Эрматов. Экөө тең мага каршы көрсөтмө берген. Бекеновдун айтымында мен ага кайсыл бир себептер менен жардам берүүдөн баш тартыпмын. Эрматов болсо чечимди тийиштүү органдардын буйругу менен чыгарганын айткан. Ал чечим мыйзамдуу түрдө болгонун билдирген. Мына ушулардын негизинде мамлекеттик айыптоочулар мени 15 жылга эркимден ажыратууну талап кылууда. Мен муну кандай деп айтышты да билбей турам— деген.


Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн