Бугу 08, 2024
Убакыт: 09:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Баягы эле партиялар шайлоого аттанды. Үчүнчү ирет шайлоо өткөрбөйбүзбү?

08.06.2021 11:34
1535
Баягы эле партиялар шайлоого аттанды. Үчүнчү ирет шайлоо өткөрбөйбүзбү?

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоолорунун ичинен үч үлкөн шаардын – Бишкек, Ош жана Токмоктун шайлоолору жокко чыгарылган эле. Ал эми кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. Азырынча ага катышууну каалаган партияларды каттоо аягына чыгалек. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эле 11-апрелде өткөн шайлоонун жокко чыгышына себепкер болгон партиялардын кайрадан «басмайылды бекемдеп», шайлоого карай аттанып калышканын көрдүк.


Ош менен Токмок шаарларын айтпай эле туралы, ал эми борбор калаабыз Бишкектин шаардык кеңешине шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны бүгүнкү күнгө чейин 13кө жетти. Али каттоо аяктай элек экенин эске алганда, бул цифра дагы кыйла көбөйүшү күтүлүп турат.


Шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын тизмесин карап туруп, «Бул ирет да шайлоо жокко чыгып калбайбы?» деген аргасыз ой келет. Себеби, «Добуштарды сатып алышты», «административдик ресурстарды колдонушту» деген айыптоолор менен шайлоонун жокко чыгышына алып барган партиялар кайрадан эле «стартта». Мисалы, НДПК, «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан» партиялары. Эми дагы бир аз күтө турсак «Ак Бата» партиясы да каттоодон өтөт болушу керек. Ошону менен анча-мынча эле мурдагы шайлоого катышпаган жаңы партиялар гана өзгөчөлүк болбосо, башка эч кандай өзгөчөлүгү жок шайлоо өтүшү мүмкүн.


Ырас, шайлоо мыйзамдарында мыйзам бузган партияларды шайлоого катыштырбай коюу чарасы көрсөтүлбөгөн экен. Болгону добуш сатып алууга, административдик ресурстарды колдонууга барды делген өкүлдөрү гана шайлоодон четтетиле турганын билдик. Андыктан жогорудагы партиялардын кайрадан өтө турган шайлоого катышуу укуктары толугу менен бар. Бирок, эми алар өткөндөгүдөй добуштарды сатып алууларды, административдик ресурстарды колдонууларды кайталап жиберишпейби? Эгер кайталап жиберишсе, анда үчүнчү ирет шайлоо өткөрөбүзбү?


Баса, бул кайрадан өтө турган шайлоого да мамлекеттин казынасынан ондогон миллиондор сарпталат. Шайлоо мыйзамдарын саясий партиялар бузса, ал эми зыянын мамлекеттин тартканы туурабы? Эмне үчүн кайра өтө турган шайлоонун каражатын ошол мыйзам бузган партиялардын мойнуна жүктөөгө болбойт? Бул жагдайды шайлоо мыйзамдарына норма катары киргизип койсо болбойбу?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн