Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Баяна Кулова: Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди мактап, жактап турууга милдеттенме алдык беле?

26.10.2020 15:58
882
Баяна Кулова: Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди мактап, жактап турууга милдеттенме алдык беле?

- Садыр байке, Камчы аке,  сиздерди менчелик билген журналист саналуу гана!!  Ошол үчүн бүгүн кайрылууга акым бар.

Кыргызда "Эсиң барда этегиңди жап"-деген орой угулганы менен өтө маанилүү макал бар. Бул макал сиздерге жана сиздердин айланаңыздардагы шыпааналарыңыздарга тийешелүүү болуп турат. 


Эмне журналисттер экөөңүздөрдү гана мактап жактап турууга милдеттенме алдык беле? Качан бердиңер эле? Экөөңүздөрдү керек болсо Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев кылган так биз, журналисттербиз, бүгүн элдин алдында канчалык жакшы адам болсоңуздар ошонун 90%ы журналисттердин эмгеги.  Жаманыңарды жашырып, жакшыңарды ашырып, ушул кызматка жетүүңүздөргө биз салым кошконбуз, тепкич болуп бергенбиз. Эми сиздер кызматка келгенде эле биз жаман болуп калдыкпы?  Бийиктиктен жерге түшүү үчүн да тепкич керек, же учасыңарбы?


Тарапташтарыңыздар канча күн Бишкектин тынчын алып ызылдап иштетпей кууратканы аз келгенсип, эми  редакцияларга басым жасап, кичине сын пикир айтылса эле "Садырды колдобосоң эл душманысың, канчага сатылдың? эмнеге Камчыны мактап жазбайсыңар"-деп бир тонна фейктер менен тынчыбызды ала башташты. ЖЕТИШЕТ!!


Мен чарчадым, эми болсо телефон чалып айрым сын пикир айтылган маанилүү адамдарыңар "КАМЧЫ АЙТТЫ, КАМЧЫГА АЙТАМ"-деп коркута башташты.  Ооба, бүгүн дөөлөткө мас болуп үнүбүздү укпай атасыңар, бирок арты жаман болот. Сөз эркиндигин муунтуп бир дагы министр, президент, депутат жыргаган эмес, жана жыргабайт.  Агаларым, карындаштык акыркы кеңешим, журналисттерди өзүңөргө душман кылбагыла.  Оозуна алы жетпеген, бир комментарий жазса, 5  ката кетирген фейктериңердин, силерден башканы көрбөгөн колдоочуларыңардын колдоосу менен алыс узабайсыңар, муну унутпаңыздар!!


Баяна Кулова, журналист



Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Эрлан
Каралап жамандаганынарды токтоткула, убакыт керек иштерин.
Алимов
Сойрук иий сойрук сен эле калдын эле,сага окшогон сойрук журналистерге кунубуз калган жок,сени эчким журналист деп эсептебейт,кыпчылып ырааны суук болуп корунгон жерде журосун,