Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баясов түрк компанияларын Кыргызстанда күн жана шамал энергетика тармагын өнүктүрүүгө чакырды

04.02.2022 12:43
914
Баясов түрк компанияларын Кыргызстанда күн жана шамал энергетика тармагын өнүктүрүүгө чакырды

Түркиянын энергетикалык өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясынын чакыруусу менен Түркия Республикасынын Измир шаарында иш сапарында жүргөн Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин м.а Н.М. Баясов Измир эркин экономикалык аймагынын шамал жана күн станцияларын өндүргөн ири компанияларында болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Министрдин милдетин аткаруучу Н.М. Баясов ишкерлерге Кыргызстандын шамал жана күн энергиясынын потенциалы боюнча маалымат берип, компанияларды өлкөгө инвестиция салууга чакырды.


Өз кезегинде түрк өндүрүшчүлөрү Кыргызстан менен тыгыз кызматташтыкты жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө ар кандай колдоону берүүгө даяр экендиктерин белгилешти.


Эскерте кетсек Измир аймагы Түркиянын күн жана шамал станцияларын өндүргөн жана аталган станциялардын эң көп жайгашкан аймагы болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн