Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:52
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Байден: НАТО менен Россиянын ортосунда согуш болушун каалабайбыз

01.06.2022 10:12
1586
Байден: НАТО менен Россиянын ортосунда согуш болушун каалабайбыз


АКШ президенти Жо Байден эгер Кошмо Штаттарга жана анын союздаштарына чабуул жасалбаса, Вашингтон Украинадагы жаңжалга түз катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Биз НАТО менен Россиянын ортосунда согуш болушун каалабайбыз. АКШга же биздин союздаштарга чабуул жасалмайынча, АКШ аскерлерин Украинага согушка жөнөтпөйт", — деди Байден.

Россия 24-февралда Украинада атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Ошондон бери АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Украинага тарапташ катары колдоо көрсөтүп келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн